Казакстан Кыргызстандан картошка ташууга тыюу салды (видео)

628

Казакстан, Кыргызстандын айыл-чарба азыктарын өз аймагына киргизүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Фитосанитардык көзөмөл кызматына эскертүү келип, чектөөлөр киргизилди. Кошуна мамлекет келтирген жүйөөгө ылайык, Кыргызстандан экспорттолгон картошка, алма, курмадан курттар чыгып жатыптыр.

Акыркы эки айда эле 500гө жакын фитосанитардык эреже бузуу катталганы айтылат. Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселени тезинен чечүү үчүн өкмөттө штаб түзүүнү сунушташты. Ал эми айыл-чарба министрлигинин өкүлдөрү Казакстан киргизген чектөө боюнча Астанага аттанмай болушту.