Казакстан Кыргызстандан келген картошканы кабыл албайт

825

19-февралдан тарта Кыргызстанда өндүрүлгөн картошканы Казакстандын аймагына киргизүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлиги кабарлады.

Мындан тышкары, Казакстан өзүнүн аймагына Кыргызстандан алма жана курма киргизүүгө тыюу салды. Бул жемиштерде Комстока куртунун табылышы себеп болгон.

Казак тараптын маалыматы боюнча, Кыргызстандан келген картошкада акыркы учурда алтын түстүү нематода курту көп кездешип атат.

Ошондой эле, Казакстан Өзбекстандан анар алып келүүгө тыюу салды. Бул жемиштерде дагы Комстока куртунун табылганы айтылат.

2018-жылы жана 2019-жылдын январь-февраль айында Казакстанга Кыргызстандан келген продукцияны кароодо 465 жолу фитосанитардык талаптарды бузуу катталган, анын ичинен 59 жолу курттаган продукция аныкталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.