Казакстан Кыргызстандан кирген унааларга көзөмөлдү күчөттү (видео)

631

Кыргызстандан Казакстанга өтүү үчүн чек арада кезек күтүп турган жүк ташуучу унаалардын саны жүздөн ашты. 19-март күнү кечки саат 20:00дөн баштап «Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда оор жүк ташуучу унаалар топтоло баштаган. Тыгын жаралып, аны жоюуга атайын жол сакчылары да келишкен. Өз кезегин күтүп турган айдоочулар унааларды текшерүү өтө жай жүрүп жатканын айтып нааразы.

Тиешелүү мекеме Кыргызстан тараптан эч кандай чектөө жок экенин, ал эми Казакстан өз чек арасында көзөмөлдү күчөткөнүн кабарлаганын айтышты. Ошондой эле, мындай кырдаал «Ак-тилек» өткөрмө пунктунда гана байкалып жатканы белгиленди.