Казакстан кыргызстандык 5 компаниянын сүт азыктарын киргизүүгө тыюу салды

898

Бул тууралуу «Тенгри Ньюс» агенттиги Казакстандын маалымат жана коммуникация министрлигинин расмий билдирүүсүнө таянып жазып чыкты. Мындай чектөөгө аталган компаниялардын талаптарды бузгандыгы негиз болду деп айтылат. Товарлардын башка түрүн ташып бараткандарга карата да ветеринардык көзөмөл күчөтүлүп, кыргыз-казак өткөрмө пункттарында 32 инспектор иш алып барууда.

Буга кошумча, жүздөгөн тонна продукция бир катар талаптарга туура келбейт деген жүйөө менен карантиндик көзөмөлгө туруп калганы белгилүү болду. Мындан тышкары, Кытайдан чыккан кыргызстандыктардын товарлары да Казакстанда өзгөчө текшерүүгө алынууда.

Кошуна мамлекеттин маалымат жана коммуникация министри Даурен Абаев, бул иштер пландык негизде жүргүзүлүп жатканын жана баардык чек ара пункттарында көзөмөл күчөтүлгөнүн кабарлады.

Кыргызстандын чек ара кызматынан кабарлашкандай, ушу тапта Чүйдөгү “Ак-Тилек” бекетинин жанында 300дөй, Таластагы “Чоң-Капка” өткөрмө пунктунда да 300дөй жеңил жана жүк ташуучу унаа Казакстанга өтө албай турат.