Казакстан кыргызстандык айдоочуларды эмнеге кыйнап жатат? (видео)

9599

Кыргызстандык жүк ташуучулардын Казакстан аркылуу өтүүсү күндөн-күнгө кыйындады. Чүй областындагы Ак-Тилек өткөрмө жайында 200дөн ашуун фура кезек күтүп турат. Көпчүлүк айдоочулар сыртка айыл чарба продукцияларын ташып бара жаткандар. Арасында 2-3 суткадан бери чек ара бекетинен өтө албай тургандар да бар.

Ушундай эле көрүнүш Казакстандын Кордай аймагындагы «Барыс» унаа токтотуучу жайында да жаралган. Ал жакта 500дөй оор жүк ташуучу унаа токтоп турганы кабарланды. Мындай көйгөй Мерке пунктунда дагы пайда болгон. Эмне үчүн кошуналар ЕАЭБдин талаптарын аткарбай жатат жее айдоочулар эрежени бузуп жатабы?