Казакстан Кыргызстандын Бажы кызматына ишенбей калды (видео)

912

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара пункттарында турган оор жүк ташуучу унаалардын маселесин чечүү дагы беш күнгө созулат. Түндө эки өлкөнүн өкмөт башчылары Астана шаарында жолугушуп, анда өткөрмө бекеттеринде түзүлгөн кырдаал боюнча сүйлөшүштү. Анын жыйынтыгы менен, жөө жарандар менен жүк ташыбаган унааларды текшерүү процедуралары жеңилдеди. Бирок товар ташыган ишкерлердин абалы ошол бойдон калууда. Буга байланыштуу маселени жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү жол картасын иштеп чыгышы керек. Казакстандын негизги талабы бажы тармагындагы коррупцияны жоюу, аткезчиликти токтотуу. Кошуна өлкөнүн премьер-министринин айтымында, кыргызстандык соодагерлердин Кытайдан Казакстан аркылуу транзит менен алып өткөн товарлары туура эмес декларацияланып жатат.