Казакстан менен болгон чек ара маселеси чечиле элек (видео)

1851

«Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө пунктунда Казакстан тарапка бара жаткан жөө жүргүнчүлөр ар бир 15 мүнөттө 5тен гана өткөрүлүп жатат. Мындан улам, узун кезек күткөндөр арасында өз-ара чатактар дагы болууда. Ал эми оор жүк ташуучу унааларды өткөрүү өтө эле жай жүрүүдө. Эки саатта бирден машина өтүп жатат. Эске салсак, Казакстан тарап чек ара бекеттеринде 10-октябрдан тарта көзөмөлдү күчөткөн. Кечээ болсо премьер-министр Сапар Исаков Россиянын Сочи шаарында өтүп жаткан ЕврАзЭСтин жыйынында Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, маселени чечкендиги кабарланган болчу. Мындан улам, көптөгөн адамдар жүк ташыгандар таң атпай өткөрмө бекетине келип алышкан.