Казакстан өкмөтү: Чек арадагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр болгон эмес

763

Бүгүн кечке маал Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаевдин маалымат кызматы расмий билдирүү таратып, президент Нурсултан Назарбаев менен Сапар Исаковдун ортосунда чек арадагы кырдаал боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун кабарлады. Ошондой эле, ал билдирүүдө «Казакстан президенти өз өкмөтүнө чек арадагы маселени чечүүгө тапшырма берди» деген маалымат чындыкка жатпайт деп айтылат.

Эске салсак, кечээ кечинде Кыргызстандын өкмөтү маалымат таратып, анда премьер-министр Сапар Исаков Россиянын Сочи шаарында өтүп жаткан ЕврАзЭСтин жыйынында Казакстандын мамлекет башчысы менен жолугуп, маселени чечкендиги айтылган. Казакстандын расмий билдирүүсүндө болсо, Исаков менен Назарбаевдин ортосунда кыска маектешүү болгон жана анда чек ара маселеси козголгон эмес, деп белгиленген.

Муну менен катар казак премьер-министринин маалымат кызматы бурмаланбаган, так маалымат таратуу үчүн бардык маалымат каражаттар менен иштешүүгө даяр экенин билдирген.