Казакстан Орусиянын аймактарынан куш өнүмдөрүн ташууга чектөө киргизди

644

Казакстан Айыл чарба министрлиги Орлов, Ростов жана Нижегород облустарынан куш өнүмдөрүн ташууга чектөө киргизди. Министрлик бул кадамын аталган аймактарда “жогору патогендүү куш тумоосунун” тарашы менен түшүндүрдү.

Министрлик тараткан маалыматта ветеринардык көзөмөл комитети Казакстанга тирүү тоок, инкубациялык жумуртка, куш мамыгы менен таксидермиялык иштетүүдөн өтпөгөн бардык канаттуу өнүмдөрүн ташууга чектөө киргизгени айтылат.

Мындан тышкары канаттууларга арналган жем жана азык кошулмаларын, таксидермиялык иштетүүдөн өтпөгөн аң уулоо олжолору жана куштарды союуда колдонулуучу жабдууларды алып кирүүгө дагы бөгөт коюлду.