Казакстан Орусиянын тоок фабрикаларынын азыктарына чектөө киргизди

1099

Казакстандын Айыл чарба министрлиги Орусиянын бир нече компаниясынын азыктарын киргизүүгө убактылуу тыюу салганын жарыялады. Министрликтин расмий сайтында мындай чечим мыйзам бузуулар аныкталгандан кийин кабыл алынганы жазылган.

Маалыматка караганда, орусиялык төрт тоок фабрикасынын продукциясынан колиформ бактериялары жана сальмонелла табылган. Министрлик тарабынан азыктарына тыюу салынган компаниялардын ичинде колбаса чыгарган «Царицыно» ишканасы дагы бар. Казак тараптын маалыматында тоок этинен жасалды деген продукциядан чочконун ДНКсы табылган.

«Бул кырдаалды жөнгө салуу үчүн Казакстандын Айыл чарба министрлиги импорт кылган өлкөнүн тийиштүү органдарына кат жөнөттү», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө. Бирок анда чектөөлөр качан алынары маалымдалган эмес.

Казакстандын мындай тыюу салуусу расмий Москванын казак компанияларынын сүт азыктарына убактылуу чектөө киргизүү пландарына туш келүүдө. Буга чейин Орусия айыл чарба көзөмөл органы 1-июлдан тартып Казакстандын «Тайынша-Астык», «Деп» жана «Молпродукт» компанияларынын азыктарына тыюу салынарын билдирген. Мындай чечимди Москва Орусияга сүт ташууда алдамчылык схемалары аныкталганы менен түшүндүргөн.

Орусия жана Казакстан соода-сатык, товар жүгүртүүнү жеңилдетүү үчүн түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигинине мүчө мамлекеттер. Орусия үстөмдүк кылган бул биримдикке Кыргызстан, Беларус, Армения өлкөлөрү дагы мүчө.