Казакстан Садык Шер-Ниязды “Достук” ордени менен сыйлады (видео)

2704

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, белгилүү кинорежиссер, коомдук жана маданият ишмер Садык Шер-Ниязга Казакстандын мамлекеттик экинчи даражадагы “Достык” ордени ыйгарылды. Сыйлыкты коңшу өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси тапшырды.

“Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсүнө эки элдин маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилгени айтылды. Буйрукка кол койгон Казакстандын президенти Касым Жоомарт Токаев буга чейин Садык Шер-Нияз тарткан “Курманжан датка” тасмасына жылуу пикирин билдирген эле.