Казакстан советтик аскер техникаларын сатууну пландоодо

613

Казакстан советтик аскер техникаларын жаңылап, экспорттоону пландаштырууда. Бул туурасында парламент мажилисинде коргонуу жана аэрокосмос өндүрүш министри Бейбут Атамкулов билдирди.

Министрдин айтымында, аскер бөлүктөрүнүн кампаларында көптөгөн эски совет техникалары бар. Аларды оңдоп-түзөп, жаңылап туруп сатуу демилгеленүүдө. Экспортко жарабагандары утилизацияланат. Бул чаралар өлкө ичинде курал-жарактын көмүскө сатылышына бөгөт коюу үчүн сунушталууда.

Мындан тышкары колдонулбаган аскер техникаларынын өзгөчөлүктөрү мыйзам аркылуу бекемделип, аларды сатуу экспорт аркылуу гана ишке ашырылары керек деген тартипти киргизүү демилгеленүүдө.