Казакстан тарап «Кордай» өткөрмө пунктунда текшерүүнү күчөттү

836

Казакстан тарап Кыргызстан менен чек арасындагы «Кордай» өткөрмө пунктундагы текшерүүнү күчөтүп, анын кесепетинен бекеттерде унаалардын узун тыгыны пайда болуп, кыргызстандык жарандар кыйынчылык менен өтүшүүдө. Кечээги кечтен тарта дал ушундай маалыматтар байма-бай келип, социалдык тармактарда жарыялана баштады.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсүнө караганда, Казакстан тарап чек арадан өтүүнү татаалдаштырганы боюнча азырынча кыргыз чек арачыларына маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын «Ак жол», Казакстандын «Кордай» өткөрмө пункту эки өлкөнү байланыштырган негизги бекет. Бул эки тараптуу бекеттен күнүнө 25 миңдей адам жана эки миндей автоунаа өтөт. Ал эми жай мезигилинде, андан өткөн адамдардын саны суткасына 37 миңге чейин жетет.