Казакстан темир жолдо дагы көзөмөлдү күчөттү

829

Башка өлкөлөрдөн ташылып келаткан товарларды кошуна мамлекеттин бажы кызматкерлери өзгөчө текшерүүгө алууда. Бул тууралуу бүгүн ишкерлер кеңешинин жыйынында айтылды. Анда бизнес коомчулугу өткөрмө бекеттеринде кезек күткөн жүк ташуучулардын көйгөйүн гана эске алуу туура эмес дешет. Жакында эле ишкерлерге темир жолду пайдаланууну сунушташкан. Бирок вагондорду өткөрүү азап болуп жатат дешет.

Мурда темир жолу аркылуу товар 5-6 күндө жетсе, азыр 20 күнгө чейин созулууда. Анткени бажы кызматкерлери жүктү толугу менен чыгарып, текшерүүдө дейт. Айрым азыктарга мындай мамиле кылууга болбойт, анткени товар бузулууда. Ошондой эле, Казакстан аркылуу ташылган чийки зат дагы өз убагында келбей өндүрүш ишканалары токтой баштады.

Абал жөнгө салынбаса, жыл аягында бюджетке ишкерлерден бир тыйын да түшпөй, жумуш орундары кыскарып, социалдык чыңалууга алып келиши мүмкүн, дешет ишкерлер.