Казакстан: Түркестан облусундагы атышууга шектелгендер эки айга камалды

860

Шардара райондук соту Түркестан облусунун Достык айылындагы атышууга тиешеси бар деп шектелген эки кишини эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. 7-сентябрдагы атышуу маалында бир адам мерт болуп, дагы экөөсү жаракат алган.

Маалыматка караганда, шектүү катары кармалган 1987чи жана 1993-жылкы эки жаранга адам өлтүрүү, мыйзамсыз курал алып жүрүү жана бейбаштык беренелери боюнча айып тагылды.

Райондук соттон билдиришкендей, бул иш боюнча тергөө иштери уланып жаткандыктан, азырынча шектүүлөрдүн аты-жөнү айтылбайт.

Облустук ички иштер департаментинин өкүлү Салтанат Каракөзованын айтымында, кармалгандардын бири Түркмөнстан облусунун, экинчиси Шымкент облусунун тургундары. Ал учурда бул ишке тиешеси бар деп дагы алты киши изделип жатканын кошумчалады.

7-сентябрда Түркестан облусундагы Шардара районунда жергиликтүү фермелердин ортосунда жаңжал чыгып, тараптар курал колдонушкан. Анда шектүү катары эки адам кармалып, алардын биринин жанынан аңчылык куралы табылган.