Казакстан жана Өзбекстандан келген адамдарды текшерүү күчөтүлөт

1884

Коронавирус илдетин алдын алуу боюнча республикалык штаб маалымат таратып, анда өлкөдө жаңы типтеги илдетке чалдыккандар катталбаганы белгиленди. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн бардык аймактарында үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору күнү-түнү нөөмөттө болорун кабарлап, ага ылайык, оорунун кандайдыр бир белгилери байкалган жарандар болсо токтоосуз түрдө дарыгерге кайрылууга тийиш экени эскертилди.

Буга чейин 1545 киши жугуштуу вирустан текшерүүдөн өтүп, алардан илдет аныкталбаганы маалымдалган. 14 күндүк обсервацияга алынган 303 жарандын 181 өзү жашаган жеринде медициналык көзөмөлдө турат. Оорунун алдын алуу максатында Кыргызстанда бардык мектептер жана жогорку окуу жайлары 3 жумага карантинге жабылган.

Ал арада өкмөт жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттер үчүн брифинг өткөрүп, анда ал коронавирус улам жакындап келе жатканын айтты. Учурда жугуштуу оору кошуна Казакстан менен Өзбекстанда катталган. Мындан улам, Кыргызстанда коронавирустун алдын алуу боюнча аталган өлкөлөрдөн келген адамдарды текшерүү күчөтүлөт, — деди премьер-министр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.