Казакстан жаштарынын дээрлик 40% башка өлкөгө кетүүнү каалайт

720

Казакстандык жаштардын 40% башка өлкөлөргө кетүүнү каалашат, деп билдирди 29-ноябрда “Жаштар” илимий-иликтөө борборунун өкүлдөрү. Борбор “Казакстан Жаштары – 2017” баяндамасы үчүн атайын сурамжылоо жүргүзгөн.

Дин иштери жана жарандык коом министрлигине караштуу борбор маалымдагандай, респонденттердин 59% ашыгы “Мен көчкүм келбейт/Мен Казакстандан кетким келбейт” деп жооп беришкен.

Иликтөө 14төн 29 жашка чейинки кишилерди камтыган. Бул борбордун ишмердүүлүгү үчүн жылына бюджеттен 200 миллион теңге бөлүнөт.