Казакстан: жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын саны үчкө жетти

1241

Казакстандын Алматы областында жол кырсыгында каза болгон кыргызстандыктардын саны үчкө жетти.

Кечээ күнү Бишкек-Алматы жолунда биздин мекендештер бараткан жеңил унаа кырсыкка учурап эки адам мерт кеткен. Ал эми машинанын айдоочусу оор абалда ооруканага түшүп, башына операция жасалган. Бирок эсине келбей түндө каза болгон.

Андан башка дагы эки жаран ооруканада дарыланууда. Маалыматтарга караганда, автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, автобус менен кагышкан.