Казакстанда 45 жүргүнчүсү бар автобус оодарылып кетти

655

Казакстанда Егиндыбулак — Караганда каттамы боюнча бараткан автобус 45 жүргүнчүсү менен оодарылып кетти. Жыйынтыгында үч киши жабыркап, жакынкы айылдагы ооруканага жеткирилди.

Өлкө ИИМинин алдындагы өзгөчө кырдаалдар боюнча комитеттин расмий өкүлү Руслан Иманкуловдун билдиришинче, Setra үлгүсүндөгү автобус Караганда — Аягоз — Бугаз унаа жолунун 103-чакырымында кырсыкка кабылган.

Азырынча кырсыктын себептери кабарланган жок. 11-январда аба ырайынын начарлашына байланыштуу өлкөнүн алты аймагындагы, анын ичинде автобус оодарылып кеткен Караганда облусундагы республикалык маанидеги трассаларда кыймыл чектелген.