Казакстанда адам органдарын мыйзамсыз трансплантация кылган топ кармалды

3268

Казакстанда адам органдарын мыйзамсыз трансплантация кылуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Алардын арасында Кыргызстандын жараны дагы бар. 2 күн мурда Чымкент шаардык оорукананын башкы дарыгери Абылай Донбай камакка алынды. Ага адам органдарын мыйзамсыз трансплантация кылууга катышкан деген айып тагылды. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүүлөрдүн арасында кыргызстандык жаран дагы болгон.

Кылмыштуу топтун мүчөлөрү бөйрөгүн сатууга даяр болгон адамдарды таап, шаардык оорукананын башкы дарыгеринин жардамы менен трансплантациялоо боюнча операцияларды ишке ашырып турган. Донорлор катары Кыргызстан, Өзбекстан, ошондой эле Украинанын жарандары болгон. Ал эми кардарлар капчыгы калың чет өлкөлүк жарандар болгон. Казакстандын мыйзамына ылайык, өлкө жарандарына бөйрөгүн чет мамлекеттин атуулдарына сатканга тыюу салынган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.