Казакстанда аскердик тик учак кулап, 13 адам каза болду

995

Коңшу өлкөнүн Коргоо Министрлиги билдиргендей, учуу «Алтын жебе» атайын бөлүгүнүн машыгууларынын алкагында, түнүчүндө жана татаал метеорогиялык шарттарда болгон.

Тик учак 4 вертолоттон турган колоннада Актаудан Чымкентке баратканда кулап түшкөн. Эки тик учак Кызыл-Ордого консо, үчүнчү Ми-8 авария болгон жерге кайтып келген. Учурда атайын комиссия түзүлүп, кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев маркумдардын жакындарына көңүл айтып, материалдык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.