Казакстанда автобус өрттөнүп кетип, 52 киши каза тапты

1107

Казакстанда жүргүнчүлөр бараткан автобус өрттөнүп кетип, 52 киши каза тапты. Кырсык Актөбө областында болгон. Маалыматтарга караганда, бүгүн эртең менен саат ондор чамасында Самара-Шымкент жолунда бараткан автобустан өрт чыккан.

Икарус үлгүсүндөгү унаада 55 жүргүнчү жана эки айдоочу болгон. Автобус күйө баштаганда, беш киши сыртка чыгып кетүүгө үлгүргөн. Ал эми калган 52 адам ошол жерде жан берген. Алардын баары Өзбекстандын жарандары экени аныкталган. Автобустун айдоочулары болсо Казкстандын жарандары.

Кырсыктын себеби азырынча белгисиз. Окуя катталган жерде Казакстандын күч кызматтары, куткаруучулар, психологдор жана дарыгерлер иш алып барууда.