Казакстанда бензинге байланышкан көйгөйлөрдөн улам аткаминерлер жазаланды

786

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев өлкөдөгү күйүүчү жана майлоочу майдын айланасындагы абалга байланыштуу президентке энергетика министри Канат Бозумбаевге сөгүш жарыялоо боюнча сунуштама жөнөтө турганын билдирди.

Андан тышкары Сагинтаев өлкөнүн энергетика министринин орун басары Асет Магауовду кызматтан алуу чечимин кабыл алганын айтты. Ал өлкөдөгү бензинге байланышкан көйгөйлөрдүн түшүндүрмөлөрүн шылтоо жана милдеттерден качуу деп эсептей турганын кошумчалады.

Өз кезегинде энергетика министри Бозумбаев май куюу жайларындагы кезек күтүүлөргө карабастан өлкөдө бензин тартыштышы жок экенин айтты.

«Май айында эле Павлодар нефтехимиялык заводду оңдоо иштери жаздан күзгө жылдырылганын билдиргенбиз. Кезеги менен эки заводдун иши токтотуларын баары эле түшүнүп турушкан. Курстардын айырмачылыгы, коңшулардагы баалар жана импорт көлөмүнүн көбөйгөнү тууралуу сөздөрдүн бардыгы шылтоо. Мен буларга макул эмесмин жана муну кызмат адамдардын өздөрүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттеринен качуу деп эсептейм. Бул үчүн жоопкерчилик тартуулары керек», — деди Бакытжан Сагинтаев.

Андан тышкары өкмөт башчы «КазМурайГаздын» башчысы Сауат Мынбаевге сөгүш жарыялоо жана анын орун басары Данияр Берлибаевди кызматтан алуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.