Казакстанда бир кыргызстандык окко учту (видео)

1331

Кыргызстан Казакстанга дагы бир нота жиберди. Анда Алматыда кармалган Закир Юбуров жана башка кыргызстандыктарды бошотуу талабы коюлган. Ошондой эле, Чымкент шаарында күч түзүмдөрү тарабынан кармалып, ур-токмокко алынган 38 кыргызстандык кайра бошотулганы маалымдалды. Ал эми катуу сабалган дагы бир 25-жаштагы Баялы Төрөгелдиев боюнча Акыйкатчы институту Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылуу жасады.

Анда ага юридикалык жана медициналык көмөк көрсөтүү өтүнүчү келтирилген. Тилекке каршы, кошуна өлкөдөгү тополоңдо 1 кыргызстандык каза тапканы расмий белгилүү болду. Ал жумуштан кайтып келе жатканда ок тийген. Казакстандагы тополоң учурунда жапа чеккен кыргызстандыктарга кандай жардамдар көрсөтүлүүдө?