Казакстанда депутаттын кармалышынын себептери (видео)

780

Казакстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстандын төрт жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты кармалган атайын операция тууралуу кеңири маалымат таратты. Кошуна өлкөнүн көзөмөл органынын билдирүүсү боюнча, товарды контрабанда жолу менен ташып келген туруктуу схеманын бети ачылып, 8 уюшкан кылмыштуу топ жок кылынды. Кытайдан чыккан жүк Казакстан жана Кыргызстанда көмүскө схема аркылуу бажыда декларацияланып, жасалма документтер менен Казакстандын ири шаарларына жана Россияга жөнөтүлүп турган. Атайын операциянын алкагында, тинтүү учурунда ири суммадагы акча, зер буюмдары, бухгалтердик документтер, жасалма декларациялар табылып жана контрабандалык товар жүктөлгөн эки машина кармалган.