Казакстанда Евразия экономикалык кеңешинин саммити башталды

729

Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразия экономикалык кеңешинин саммити башталды. Иш-чара ЕАЭБдин 5 жылдыгына жана Евразия интеграция идеясынын 25 жылдыгына карата уюштурулууда. Саммитте уюмга кирген өлкөлөрдүн башчылары Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевди биримдиктин ардактуу жетекчилигине шайлоону талкууланышы күтүлүүдө.

Себеби бул интеграциялык биримдикти түзүү демилгесин алгачкылардан болуп Нурсултан Назарбаев көтөргөнү менен байланыштуу. Бир күндүк саммиттин алкагында өлкө лидерлеринин эки тараптуу жолугушуулары да өтөрү күтүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Нур-Султан шаарына учуп барып, анда Касым Жомарт Токаев жана экс-президент Нурсултан Назарбаев менен жолугушкан. Анда Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол коюунун 5 жылдыгына карата жана ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн президент Сооронбай Жээнбековду «Казакстан Республикасынын тунгуч президенти, элбашы Нурсултан Назарбаев» ордени менен сыйлаган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.