Казакстанда короновирус жуктурган 2 бейтап катталды (видео)

2604

Казакстанда эки киши коронавируска кабылганы расмий жарыяланды. Ал казак жарандары эки башка учак менен, 4 жана 2 күн мурда Германиядан учуп келишкени белгилүү болду. Буга чейин өлкөнүн башкы санитары Жандарбек Бекшин коронавирус Казакстанда 11-марттан 16-мартка чейин аныкталат деп айткан болчу.

Кыргызстандын тиешелүү мекеме жетекчилери журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп, анда акыркы кырдаал боюнча маалымат беришти. Айтымдарында, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Бардык иштер илдеттин алуу-алууга багытталган алгоритм боюнча жүрүүдө. Бирок үй шартында карантинге алынгандардын саны өсүп жатканы маалым болду.