Казакстанда кулчулукта жүргөн Ноокаттын тургуну (видео)

980

Кулчулукка кабылып калбаш үчүн өз укугунду бил! Ош областынын аймагында кулчулуктун алдын алууга багытталган маалыматтык кампания жүрүп жатат. Бейөкмөт уюмдары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте ишке ашып жаткан жараян бир жылга созулмакчы. Долбоор алкагында атайын өкүлдөр айылдарды кыдырып, чет мамлекетке иштегени барганда, алданып калбаш үчүн кандай чараларды көрүү керектиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Анын алкагында көчө спектаклдери коюлуп, атайын китепчелер таратылууда. Кечээ жакында эле, 12 жылдан бери Казакстанда кулчулукта жүргөн Ноокаттын тургуну 2 баласы менен мекенине качып келген.