Казакстанда кыйраган Су-27нин аман калган учкучу соттолду

739

Казакстандын Талдыкоргон шаарындагы аскер соту 2016-жылы декабрда Алматы облусунда кулаган Су-27 аскер учагынын аман калган учкучуна карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, майор Адилбек Искаков «учуу жана ага даярдануу эрежелерин» бузууга күнөөлүү деп табылып, төрт жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 12-январда Аскер сотунун басма сөз кызмат билдирди.

Су-27 учагы 2016-жылы 21-декабрда Талдыкоргон аэродромунан 20 чакырым алыстыкта кулаган. Анда өлкөнүн Коргоо министрлиги учак «түнкү шарттардагы машыгуу учуулары маалында» кырсыкка учураганын билдирген.

Соттун материалдарына ылайык, Искаков учакты күйүүчү майы бар-жоктугун текшербестен кабыл алып, асманга көтөрүлгөн. Кийин учуу маалында бул тууралуу жетекчиликке туура эмес маалымат берген.

Соттун чечимине ылайык, айыпталуучу учууларга байланышкан ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан 4 жылга ажыратылат. Өкүм азырынча мыйзамдуу күчүнө кире элек.