Казакстанда кыргыз жарандары атайын текшерүүдөн өткөрүлүп жатат

735

Казакстандын шаарларында кыргыз жарандары атайын текшерүүдөн өткөрүлүп жатат деген маалыматты кошуна өлкөнүн ички иштер министрлигинин маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаев билдирди. Коңушу өлкөдө «Нелегал» деген аталыштагы оперативдик-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы маалымдалууда.

Ошол эле убакта, интернет булактарында кыргыз жарандары кармалып, Миграция кызматынын кеңселерине ташылып жатканы тууралуу кабарлар чыгууда. Ал эми Казакстанда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар аларга карата 10-октярбдан тарта катуу текшерүүлөр башталганын айтышууда.

Мисалы, Тараз шаарында соода-сатык менен алектенип жүргөн Бакыт Алманбетов деген жаран, Спутник маалымат агенттигине билдиргендей, «100гө жакын кыргызстандык кармалып, кечинде гана алардын документтерин алып калып, өздөрүн кое беришкенин» билдирген.

Ушундай эле текшерүүлөр Казакстандын дагы башка шаарларындагы базарларында жүрүп жатканы айтылууда.