Казакстанда мектеп окуучусу «терроризм» айыбы менен соттолду

690

Шымкент шаарында сот Сайрам районунун №10 мектебинин 11-классынын окуучусу Шахзат Исмаиловду “терроризм” жана “кастыкты козутуу” боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылга түрмөгө кести.

Район аралык соттун өкүмү 15-майда чыкты. Окуучунун туугандары бул чечимге макул болбой, аппеляциялык сотко доо арыз менен кайрыларын билдиришти. Исмаилов сот залынан камакка алынды. Өкүмгө ылайык, ал жалпы режимдеги колонияда жазасын өтөйт.

2017-жылы 16-ноябрда Улуттук коопсуздук комитетинин Түштүк-Казакстандагы департаменти атайын операция учурунда Сайрам районунун 11 жашоочусу кармалганын билдирген. Алар терроризмди үгүттөө жана кастыкты козутуу беренелери боюнча шектүү катары табылган.