Казакстанда ондогон окуучу жоолук жаңжалынан улам кийинки класска көчпөй калды

1464

Актөбө облусунда жоолук маселесине байланыштуу мектепке киргизилбеген 22 окуучу кийинки класстарга көчүрүлбөйт. Окуучу кыздардын ата-энелери доо арыз менен райондук жана облустук сотторго кайрылышкан, бирок алардын суранычы канааттандырылган эмес.

22-майда Актөбө облустук сотунун апелляциялык коллегиясы Шалкар шаарынын жашоочулары Ербол Турганбаев менен Нурбол Сүйүндүковдун доо арызын карап, жоолукчан кыздарды сабакка киргизбеген мектеп администрацияларынын чечимин туура деп тапкан.

Актөбө облусунда кыздарын жоолукчан мектепке жөнөтүүнү каалаган ондогон ата-эне бар. Алар дин тутуу эркиндигине кепилдик берген Казакстан Конституциясына таянуу менен балдары шарият шарттары менен кийинүүгө укуктуу деп эсептешет. Мектеп администрациялары болсо окуучулар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген буйрук боюнча бирдиктүү форманы сакташы керек деген позицияны бекем кармап келишет.

Ербол Турганбаев менен Нурбол Сүйүндүковдун адвокаты эми Жогорку сотко арызданарын билдирди.

Актөбө облустук дин иштери башкармалыгынын маалыматы боюнча “бирдиктүү мектеп формасын кийүү тартибин бузган” 22 окуучу бар. Алар кийинки класстарга көчүшпөйт.

Быйыл жоолук жаңжалына байланышуу 19 ата-эне административдик жоопкерчиликке тартылып, айыппулга жыгылган.