Казакстанда өрттөн каза болгондордун саны жети адамга жетти

789

Казакстандын Атырау облусунун Карабатан кыштагындагы жатаканада чыккан өрттөн жаракат алган дагы бир адам каза болду.

Жергиликтүү ММКлар облустук оорукананын билдирүүсүнө таянып, жабырлануучу 3-март күнү эртең менен денесинин көп бөлүгү күйүп калганына байланыштуу көз жумганын жазышты.

Атырау шаарынан ондогон чакырым алыстыкта жайгашкан Карабатан кыштагындагы жатаканада өрт 2-мартта эртең менен тутанган. Кырсыкта алты адам жеринде набыт болуп, төртөө жараат алышкан.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинен билдиришкендей, кырсык маалында имараттын ичинде түнкү нөөмөттө иштеген 20 жумушчу болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт электр зымдагы кыска туташуудан чыккан.