Казакстанда полиция кызматкерлери жаңы формага ээ болушат

723

Казакстан ички иштер министрлиги 2019-жылдан тарта эл менен болгон байланышты жакшыртып, полиция кызматкерлерин жаңы форма менен камсыздоону убада кылды.

Казакстан ИИМинин маалымат катчысы Алмас Садубаев реформа боло турганын айтты.

«Реформа болот. Модернизация. 300дөн ашуун райондук бөлүмдөрдө фронт-кеңселер түзүлөт. Бардык райондук бөлүмдөрдө, полициянын облустук департаменттеринде биздин кеңешчилер иштеп жатат», — деди ал. Садубаевдин айтымында, калктын 70% полицияга кеңеш алуу үчүн кайрылса, 30% ар түрдүү арыз менен келет.

2018-жылы жайында Алматыда белгилүү көркөм муз тебүү чебери Денис Тен уурулар тарабынан өлтүрулгөндөн кийин казак коомчулугу ИИМди реформалоо зарыл экенин билдирип, министр Калмуханбет Касымовду жумуштан алууну талап кылган.

Садубаев жаңы үлгүдөгү формага канча каражат жумшаларын айткан жок. Анын билдиришинче, Казакстанда 50 минден ашуун полиция кызматкери бар.