Казакстанда сабалган Чолпонбек Сыдыковдун абалы оор (видео)

2344

Казакстанда бир нече күндөн бери дайыны чыкпай жатып, оор абалда табылган 46-жаштагы кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков, тез жардам унаасы менен Бишкекке жеткирилди. Анын эки буту, кабыргалары сынгандыктан, ал дароо Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна жаткырылды. Дарыгерлердин атайын консилиумунан кийин ага кандай операция жасалары чечилет экен.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо, Чолпонбек Сыдыковду Алматыда сабагандарды жоопкерчиликке тартуу жана аталган окуяны териштирүү боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарлады. Ал эми Акыйкатчы институту Чолпонбек Сыдыковду Стамбул протоколунун негизинде медициналык кароодон өткөрүү керектигин билдиришүүдө. Ага ылайык, адамга карата көрсөтүлгөн кыйноолор документтештирилип, андан ары жигердүү иликтөөгө негиз болот.