Казакстанда шахтада жаракат алгандар жөлөк пулду көбөйтүүнү талап кылышууда

724

Карагандыда «Арселор Миттал Темиртау» шахталарында жумуш иштеп, жаракат алган майып шахтачылар жөлөк пулду көбөйтүүнү талап кылууда. Алар “Коргоо” кесиптик кошуунуна жардам сурап кайрылышты.

«Коргоо» кесиптик кошуунунун төрагасы Марат Миргаязов “декабрда кенчилер иш таштагандан кийин айлык акылары жогорулаган, ушундан кийин өндүрүштө жаракат алган майып-шахтачылар дагы жөлөк пулду көтөрүүнү талап кылышууда ” деди.

Кесиптик кошуун Эмгек жана калкты иш менен камсыздоо министрлигине кат жолдоду. Мындан тышкары депутаттар менен дагы жолугушуу өткөрүүнү пландашууда.

Учурда Карагандыда “АрселорМиттал Темиртау” шахталарында жумуш иштеп, жаракат алган үч миңге жакын адам бар.