Казакстанда сууктан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны өстү

754

Казакстанда катуу сууктан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 200дөн ашты. Бул тууралуу РКнын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. 73 бейтап ооруканага жаткырылса, калганына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Маалыматтарга караганда, үшүк алгандардын көпчүлүгү Караганда жана Чыгыш-Казакстан областтарынан. Буга чейин синоптиктер Казакстандын аймагына арктикалык антициклон келерин айтып, шашылыш билдирүү тараткан.

Учурда Казакстандын бир топ жерлеринде абанын температурасы 35-40 градуска чейин төмөндөп жатат.