Казакстанда «терроризмге» шектелген эки жаран кармалды

644

Түштүк Казакстан облусунун полициясы «терроризмди пропагандалоого» шектелген эки жергиликтүү тургун кармалганын кабарлады.

Облустук ички иштер департаментинин маалыматына караганда, «диний радикализм идеяларын пропагандалаган аудио жана видео жазууларды таркатууга» шектелген эки адам Түркестан шаарында жана Сайрам районунда өткөрүлгөн «ыкчам-иликтөө иштеринин» алкагында кармалган.

Мекеменин басма сөз кызматы терроризмди пропагандалоо фактысы боюнча тергөө иштери башталганын кабарлады. Шектүүлөр 1990чу жана 1995-жылы туулган жергиликтүү жашоочулар экени аныкталды.

Казак бийлиги былтыр ушундай эле айып менен Сайрам районунун 11 тургуну кармалганын билдирген. Өткөн жумада Шымкент шаардык соту алардын бирин — 11-класстын окуучусу Шахзат Исмаиловду күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан.