Казакстанда уурдалган “Лексус” КРнын УКМК кызматкеринен табылды

755

Казакстанда уурдалган «Лексус 570» автомашинасын Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери айдап жүрөт, деген маалымат боюнча УКМК кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Кечээ жакында, «жыл башында Казакстандан уурдалган кымбат баалуу автоунаа Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкеринен чыкканы» тууралуу маалымат тараган. УКМКнын билдирүүсүнө караганда, эгер бул маалымат тастыктала турган болсо, анда кызматкер жазаланат.

Быйыл февраль айында Алматы шаарынын тургунунун 65 миң доллар турган унаасы жоголуп, аны полиция 4 ай издеген. Көп өтпөй ал, кыргызстандык кызга катталуу экени жана анын агасы Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери экени аныкталган.