Казакстанда жүргүнчү кичи автобус кырсыкка учурады

788

29-апрель күнү кечинде Костанай облусунун Рудный шаарындагы жол кырсыгынан бир киши каза таап, ону жаракат алды. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, кичи автобус менен BMW унаасы кагылышкан.

Жүргүнчүлөрү бар автобус Житикара шаарынан Костанайга бара жаткан. Авариядан кичи автобустун айдоочусу набыт болгон. Он киши ар түрдүү жаракат менен ооруканага жеткирилген. Жаракат алгандардын арасында бир жөө жүргүнчү да бар.

Казакстан дүйнөдөгү жол кырсыгы көп катталган өлкөлөрдүн катарына кирет.