Казакстандагы уюшкан кылмыштуу топтун төбөлүнөн КРнын паспорту табылды

938

Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматтарга караганда, Россия менен Казакстандын тартип сакчылары Москва областынан кылмыштуу топтун башчысы Рафаэль Бикбаевди колго түшүрүшкөн. Ал буга чейин баңги заттарын мыйзамсыз сатуу боюнча бир нече жолу соттолгон.

Бикбаев жетектеген топ Казакстанда акча опузалоо жана рейдердик басып алуу менен алектенип келген. 2014-жылы ал Түштүк Кореянын жаранынын фабрикасын коркутуу жолу менен өзүнө жаздырып алганы аныкталган. Августта Бикбаевге эл аралык издөө жарыяланган. Ал жакында эле Россияда колго түшүп, жанынан Кыргызстандын жараны деген паспорт табылган.

Мындан тышкары, Россияда Өзбекстандын атуулу дагы кыргыз паспорту менен кармалган. 39 жаштагы адам тааныштары аркылуу биздин өлкөдөн ID-карта үлгүсүндөгү документ алып, Лух районуна иштегени барган. Аны текшерүү учурунда паспорту жасалма экени аныкталган. Өзбекстандын жаранына карата документ жасоо боюнча кылмыш иши козголуп, 10 миң рубль айып салынды.

Кыргыз паспортторунун минтип кылмышкерлердин чөнтөгүнөн табылып жатышына Мамлекеттик каттоо кызматы күнөөлүү эмес, — дейт аталган мекеменин кызматкерлери.