Казакстандан келген ун менен өсүмдүк майы кымбаттайбы? (видео)

1360

Өлкөнүн айрым аймактарында ун чектөө менен сатыла баштады. Талас областындагы базарларда бир адамга бир каптан ашык эмес сатылып жаткандыгы айтылууда. Айыл-чарба министрлиги менен тегирменчилер ассоциациясы болсо бул маалыматты четке кагууда.

Айтымдарында, өлкөдөгү кампаларда жыйылган буудай жок эле дегенде 2 айга кенең жетет. Ал эми монопологияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги болсо баалар көзөмөлдө деп ишендирүүдө. Казакстандагы окуядан кийин базарда баалар өзгөрдүбү?