Казакстандан Кыргызстанга 24 миңдей качкын келгенби? (видео)

1417

Казакстандан Кыргызстанга келген качкындарга гуманитардык жардам берүү улантылууда. Чүй областындагы бир катар айылдардагы үйлөргө жайгаштырылган кошуна өлкөнүн жарандарына азык-түлүк таратылды.

Акыркы маалыматтар боюнча, учурда Ысык-Ата районундагы Кең-Булун айылында баш калкалагандардын саны 2 миңге чукулдаган. Ал эми кошуна Милянфанда жакындарынын, туугандарынын үйүндө 400-500дөй дунган баш калкалашууда. Казакстандан келген качкындар кандай шартта жашап жатышат?