Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

764

Казакстандан Кыргызстанга дарыя кечип өтүүгө аракет кылган кыргызстандык кармалды. КР Мамлекеттик чек ара кызматынын берген маалыматына ылайык, Чүй облусунун чек ара башкармалыгы кыргыз-казак чек-ара тилкесинде Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келүүгө аракет жасаган КРнын жаранын кармашкан.

“Кыргызстандык кыз Казакстандан Кыргызстанга Чу дарыясын кечип өтүп келүүгө аракет жасаган. Анын жанында өздүгүн тастыктай турган документтери болгон эмес”, — деп билдирет ведомстводон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан соң, кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.