Казакстандан ташылган азыктар кымбаттай баштады (видео)

862

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал биздин өлкөдөгү азык-түлүктүн баасына да таасир этүүдө. Сырттан ташылган ун менен өсүмдүк майынын баасы кымбаттап кетти. Ал эми бизде өндүрүлгөн азык-түлүктөр тескерисинче арзандап, дыйкандардын эмгеги акталбай жатат. Себеби дээрлик эки апта бою оор жүк ташуучу унаалар чек арадан өтө албай, андагы жашылча-жемиштер бузулуп кете электе деп, ал товар жергиликтүү базарларда арзан сатылууда.