Казакстандан ун жана буудай келбей турган болду (видео)

3713

Кыргызстан январь-февралда түзүлгөн келишим боюнча Россиядан сатып алган 18 миң тонна буудайын ала албай жатат. 256 вагонго жүктөлгөн товар 1,5 ай мурда эле келиши керек болчу. Бирок Россия мартта дан эгиндерин экспорттоого убактылуу тыюу салганына байланыштуу Россия менен Казакстандын чек арасында бир айдай турган соң, буудайды жеткирүүчүлөргө кайтарып берүүгө туура келген.

Мындай маалымат менен тегирменчилер ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов бөлүштү. Алдыда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралбашы үчүн өкмөт мамлекеттик материалдык резервдер фондунан ун комбинаттарына буудай бөлүп берүүгө белсенүүдө. Анын баасына жараша ундун баасы көтөрүлөбү же жокпу белгилүү болмокчу.