Казакстандык качкындар убактылуу каттоого турушу керекпи? (видео)

3203

Казакстандан келген качкындардын алты миңи өз үйлөрүнө кайткан. Бирок басымдуу бөлүгү дагы деле Кыргызстанда баш калкалоодо. Чек ара кызматы берген расмий маалымат боюнча, Кордай районундагы башаламандыктан кийин Токмок жана Кең-Булун чек ара постунан эле 14 миңден ашуун адам бери өткөн. Бирок алардын саны мындан да көп болушу мүмкүн.

Анткени Жамбыл областынын акими Бердибек Сапарбаев Кыргызстанга өтө качкан казакстандык жарандардын саны 24 миңден ашканын айткан. Миграция кызматынан кабарлашкандай, качкындар Кыргызстанда бир айдан ашык турса анда убактылуу каттоого турушу керек же качкын статусун алуу үчүн расмий түрдө кайрылышы шарт.