Казакстандыктарга жардам колун сунган кыргызстандыктар (видео)

1447

Кыргызстандык авто-ыктыярчылар чет өлкөлөрдөн келген казакстандыктарга Бишкек аркылуу мекенине жетип алууга жардам берүүнү улантышууда. Кичи ажылыктан кайткан коңшу өлкөнүн жарандарына кийим-кече, тамак-аш даярдап коюшкан. Ошондой эле, телеграм-каналда атайын тайпа түзүлүп, ал жакка кайрылгандарды чек арага бекер жеткиришүүдө.

Мындай акция Казакстанда абал турукташып, кошуна мамлекеттеги аэропорттор иштей баштаганга чейин улана берээрин айтышууда. Азыркы учурда жүздөй ыктыярчы иштеп жатканы белгилүү болду. Өз кезегинде боордош өлкөнүн жарандары аларга көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылыктарын билдирип жатышат.