Казакстандын батышында жаңы салынган дамба бузулду

799

Батыш-Казакстан облусунда жаңы дамбаны суу жеп кетти. Оролдон 40 чакырым аралыкта жайгашкан Деркул дарыясындагы дамба былтыр ноябрда курулган.

Ал дарыядагы ташкын учурунда сууну кармап турууга багытталган. Жергиликтүү бийлик курулуш компаниясы дамбаны калыбына келтирерин билдирүүдө.

Район акиминин орун басары Мурат Залмукановдун билдиришинче, курулуш компаниясы суу жеп кеткен жерди убактылуу бүтөдү. Тиешелүү көлөмдөгү сууну кармап турууга мүмкүнчүлүк бар. Учурда окуя болгон жерде курулуш биргадасы иштеп жатат.

70 миллион теңгеге (азыркы курс боюнча 218 миң АКШ доллары) дамбаны курган компания келишим боюнча курулушту эки жыл катары менен тейлеп турууга милдеттенме алган.