84,79
100,67
1,11
0,19
Бишкек -10°C

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алды

5418

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Айдос Укибай билдиргенин Казакстандын телеграф агенттиги жазып чыкты.

Учурда Казакстандын биринчи президенти обочолонгон. “Тилекке каршы анын акыркы тести оору бар экенин көрсөттү”, — деп жазган Айдос Укибай өзүнүн Twitter’деги баракчасына. Анын айтымында, тынчсызданууга себеп жок. “Нурсултан Назарбаев аралыктан иштөөнү улантууда”, — деди ал.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.